Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтө турган машыгуусуна катышпайт

  • 2 года мурун

Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун «Рубеж-2022» деген аталышта Тажикстанда өтө турган аскердик машыгуусуна катышпайт.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме мурдараак Кыргызстандын аскердик контингенти ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышууга даярдык көргөнүн белгилешти, бирок андан кайра эмне себептен баш тартканын ачык билдирген жок.

«Биз мурдараак ЖККУнун «Рубеж-2022» аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Бул Кыргызстандын позициясы»деп айтылат министрлик берген маалыматта.

Бир нече күн мурда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн контингенти «Рубеж-2022» машыгуусуна катышары, ага Борбор Азия аймагынын аскердик бөлүктөрү тартылары айтылган. Машыгууга катышкандардын саны миң кишини түзүп тик учак, учак жана учкучсуз учактар баштаган 300дөй аскердик техника тартылмак.

10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн «Бузулбас боордоштук» командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы «Эделвейс» полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты