Президент Кыргызстанда туулуп-өскөн космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту   

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде — Эл аралык космонавтика күнүндө россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту.

Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы АалыТокомбаев атындагы №24 мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди шаар күнү менен куттуктаган.

Садыр Жапаров Мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин баса белгиледи.

«Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгондурсуз» деди мамлекет башчы.

Космонавт Сергей Корсаков өз сөзүндө буларга токтолду:

«Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди»- деди космонавт.                                         

Эл аралык космос станциясынын бортунда жеке буюмдарга чектөөлөргө карабастан, ал өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.

Сергей Корсаков мамлекет башчыга 2022-жылдын 18-мартында «Союз МС-21» космостук кемеси тарабынан алынып келинген жана 2022-жылдын 29-сентябрына чейин экспедицияны коштоп жүргөн, анын тумары болгондугун тастыктаган, Эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырды.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Сергей Корсаковду жана анын кесиптештерин Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга, Юрий Гагарин учкандан кийин ден соолугун калыбына келтирген жерлерге барууга чакырды. Ал ошондой эле космонавтка мындан аркы ийгиликтерди каалап, эстеликке белектерди тапшырды.

Президент Кыргызстанда туулуп-өскөн космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту   
Президент Кыргызстанда туулуп-өскөн космонавт Сергей Корсаков менен жолугушту   
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты