Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекет башчыларынын жолугушуусу болот. Жапаров Худжант шаарына барды  

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Тажикстандын Худжанд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, Садыр Жапаровду Худжант шаарынын аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчыларынын үч тараптуу саммитин өткөрүү пландаштырылууда, анын негизги максаты үч өлкөнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюу, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө мындан аркы кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын президенттеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

Мамлекет башчылар ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын премьер-министрлеринин орун басарларынын катышуусу менен онлайн форматта мамлекеттик чек аралар кесилишкен чекитинде орнотулчу мемориалдык тактанын ачылыш аземине катышат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты