Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын кайрадан импорттой баштады

  • 2 года мурун

Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону жандантты. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, импорт график боюнча эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

Буга чейин Түркмөнстан табигый кырсыктан улам келип чыккан линиядагы аварияга байланыштуу оңдоо иштерин жүргүзүп алганга чейин Кыргызстанга электр энергиясын импорттоону убактылуу токтоткон.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калып, Токтогул ГЭСинин ишинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп чочулашууда.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты