Кыргызстан Түркиянын Газиантеп шаарынан 22 жаранын эвакуациялады   

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы өкүлчүлүктөрү жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.

Казакстандын учагы менен Түркиянын Газиантеп шаарынан Кыргызстандын 22 жараны, анын ичинде 1 жаш бала эвакуацияланды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ошондой эле  8 жаран Хатай шаарынан чыгарылды;

12 жаран, анын ичинде 2 бала Анкарага жөнөтүлүп, аларды диаспора өкүлдөрү тосуп алып, үйлөрүнө жайгаштырды;

Өзбекстандын атайын учагы менен Ташкент шаарына жарандарды эвакуациялоо иштери иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын 6 жаранын жөнөтүү пландалууда.

КР элчилигинин жана Анталья жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктарынын дипломаттары тарабынан кырсык болгон аймактагы Кыргызстандын жарандарына жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, суу жана тамак-аш менен жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12391 кишиге жетип, 62914 киши жаракат алды.

КР тышкы  иштер министрлигинин маалыматы боюнча Түркиядагы зилзалада Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында каза болгондор жок.

Сүрөт: Газиантеп шаарында. Анаодлу агенттиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты