Кыргызстан-Орусия: Бир катар документтерге кол коюлду
- 1 год мурун
Бүгүн, 12-октябрда, Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.
Кол коюлган документтер төмөнкүлөр:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Россия Өкмөтүнүн ортосундагы Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;
— Эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
— кызматташтык программасы;
— Айыл чарба министрлиги менен Россия Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россия жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;
— Россия Өкмөтү менен Министрлер Кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.