“Саламат жүрөк” улуттук программасы бекитилди

  • 3 месяца мурун

Садыр Жапаров “2025–2030-жылдарга “Саламат жүрөк” улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары калктын өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, 2023-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларына өлүмдүн бардык учурларынын жарымынан көбү (52,3 %) туура келген.

Программанын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана жугуштуу эмес оорулардан өлүмдү 25 %га азайтуу жана социалдык-экономикалык жүктү жеңилдетүү болуп саналат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты