Бишкек шаарынын башкы планы бекитилди

  • 1 месяц мурун

2026-жылдын 25-апрелинде Министрлер кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти.

Бул документ борбор шаардын 2050-жылга чейинки аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, республикалык жана жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштырууну, ошондой эле шаарда коопсуз жана ыңгайлуу жашоону камсыз кылуу чараларын аныктайт.

Башкы план 2050-жылга чейин аймактык пландаштыруунун негизги документи болуп саналат жана социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгууда, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле курулуш жүргүзүү жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда милдеттүү түрдө эске алынат.

2006-жылы бекитилген Бишкек шаарынын 2025-жылга чейинки мурдагы Башкы планы күчүн жоготту.

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө ТОКТОМ

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планына карата негизги жоболор (түшүндүрмө кат)

Негизги чийме

Транспорт схемасы

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты