Кыргызстан менен Тажикстан 14-17-сентябрдагы окуяларды эл аралык иликтөөгө чакырууда

  • 2 года мурун

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги «Тажикстандын кол салуусун далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин» 19-сентябрда «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Иманкулов Баткендеги окуяны «тажик тараптын агрессиясы жана кылмышы» деп атап, жеринде тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам тергөө тобу иштеп жатканын, бардыгы видео жана фото фиксация болгонун кошумчалап, Кыргызстан маселени дипломатия жолу менен гана чечүүнү көздөрүн кошумчалады:

«Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга объективдүү маалымат берип жатат. Биз эл аралык коомчулукка алып чыгабыз болгон маселени. Эл аралык териштирүү болсо ага да даярбыз. Анткени биздин аларга кол салуу оюбуз жок болчу, бизге бирөөнүн жеринин бир метр да кереги жок. Маселени күч менен чечели деген ниетибиз жок. Өкмөт аралык комиссия иштесин. Эртең керек болсо эл аралык деңгээлге алып чыгабыз. Иш жүрүп жатат. Мамлекеттик комиссия иштөөдө».

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынна 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 164 киши жарадар болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

18-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин куралдуу агрессияга айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.

Тажикстан бийлигинин расмий маалыматына ылайык, 14-17-сентябрь күндөрдүн аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болду.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты