Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймакта жер титиреди
- 4 недели мурун
Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына ылайык, бүгүн, 16-февралда, саат 13:14тө Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймакта очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Кытайда болгон. Кыргызстанда Жети-Өгүз районундагф Бедел айылынын түштүгүнөн 34 чакырым, Ыштык айлынын түштүк-чыгышынан 45 чакырым, Каракол шаарынын түштүгүнөн 143 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөө Бедел айылында 3 балл, Ыштык айылында 3 баллга чейин сезилген.
Сейсмология институту тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




