Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучулардын маселесин талкуулайт

  • 2 года мурун

Кыргызстан менен Казакстандын тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки өлкөнүн чек арасындагы кезекте турган жүк ташуучу машинелердин маселеси боюнча кескин чараларды кабыл алуу үчүн видео байланыш режиминде кеңешме 19-апрелде өткөрүлөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри, соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун жолугушуусунда макулдашылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар 15-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Москва шаарында жолугушкан. Анда Кожошев Казакстан менен болгон макулдашуу ишке ашпай жатканын айткан.

«Биз документтери туура эмес же такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө», — деди Кожошев.

15-апрелде Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Дастан Дуйшекеевди кабыл алып, кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселеси талкууланган.

11-апрелде Казактандын чек арасындагы «Ак-Тилек-Карасу» өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машиненин тыгыны пайда болгон. Казакстан тарап анын себебин түшүндүрө элек.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдаштырып, түйшүк жараткан учурлар көбөйдү.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты