Кыргызстан менен Египет билим берүү тармагында кызматташат

  • 2 года мурун

Кечээ, 9-декабрда Египеттин Каир шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Египеттин жогорку билим жана илимий изилдөөлөр министри Халед Абдель-Гаффар менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Билим берүү, илим жана маданият боюнча Ислам уюмунун (ИСЕСКО) Башкы конференциясынын алкагында өттү.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланып, Билим берүү министрлиги аркылуу өз ара иш сапарларды уюштуруу жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулар курамынын ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууларга жетишилди», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты