Кыргызстан жаңы түзүлгөн Тоолуу өлкөлөр тобуна кошулууга чакырды

  • 3 месяца мурун

10-майда Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) НьюЙорктогу штабквартирасында Токой форумуна катышуунун алкагында КыргызстанТоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча ишаракеттердин беш жылдыгы, тоолуу токойлорду жайылтуутемасында кошумча ишчара өткөрдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Кошумча иш-чара Непал, Италия, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Тоо шериктештигинин катчылыгы тарабынан биргелешип уюштурулган.

Иш-чаранын катышуучулары тоо тармагынын күн тартибин дүйнөлүк аренада мындан ары жайылтуу боюнча бир катар сунуштарды айтышты. Иш-чаранын жүрүшүндө “Беш жылдыкты” ишке ашыруу боюнча мамлекеттик жол картасы көрсөтүлдү.

Өз сөзүнүн жүрүшүндө тышкы иштер министрнинин биринчи орун басары Асеин Исаев катышуучуларды Кыргызстандын «Тоолор жана климат» жаңы глобалдык диалогун эл аралык климаттык күн тартибине киргизүү боюнча сунушун колдоого чакырды.

Министрдин биринчи орун басары өлкөлөрдү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында жаңы түзүлгөн Тоолуу өлкөлөр тобуна кошулууга чакырды.

Тоо жана токой экосистемаларын сактоо үчүн кыргыз тарап климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жүктү адилет бөлүштүрүүгө чакырды. Жыйынтыгында катышуучуларды «Бишкек+25» экинчи глобалдык Тоо саммитине катышууга чакырды.

Кыргызстандын тоо демилгелерин ишке ашыруунун алкагында А.Исаев БУУнун башкы катчысынын орун басары жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын администраторунун жардамчысы Хаолиан Сю жана Көп тараптуу трасттык фонддун жетекчилиги менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БУУ Өнүгүү программасынан  өнөктөштөр менен бирге Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктүн трасттык фондун тезирээк ишке киргизүү ниетин ырастады.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты