Кыргызстан кытайлык туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди

  • 1 месяц мурун

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кытай — Борбордук Азия” форумунун алкагында Кытайдын элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди.  
  
Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилгендиги белгиленди. 
 
Өз кезегинде Кытайдын элдик саясий консультативдик кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп, Кытайдын демилгелерин колдогону үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: gov.kg
 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты