Кыргызстан-Кытай: Көмүр кендерин биргелешип иштетүү жана башка макулдашууларга кол коюлду  

  • 6 месяцев мурун

Кытайдын  Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлду.

Бул тууралуу Министрлер кабниетинин басма сөз кызматы кабарлады.   
Макулдашууларга кол коюу аземи Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын  Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын жолугушууларынан кийин орун алганы баса белгиленди.

Маалыматта айтылгандай, төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1. Министрлер кабинети жана Кытай өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;

2. КР Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин,,санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;

4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;

7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

8. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation» кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт 1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы ортосундагы Кыргыз Республикасында кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;

11. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Molin Energy Company Limited» компаниясы ортосундагы Кыргыз Республикасында күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;

12. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана «Delong Steel Group Co., LTD» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты