Кыргызстан-Иран: Консулдук кызматташтык талкууланды
- 2 недели мурун
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Кыргыз Республикасындагы Иран элчиси Голам Хоссейна Ядегари мырза менен 4-июлда жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты. Эки өлкөнүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасы менен Ирандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө консулдук жана миграциялык процедураларды жөнөкөйлөтүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү