Кыргызстан- Индия: Түз аба каттамы ишке кирди

  • 2 месяца мурун

Нью-Дели шаарында Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто 7-декабрда Кыргызстандын Tez Jet авиакомпаниясынын Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы түз каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышты.

Каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө, ишкердик жана туристтик сапарларды жеңилдетүүдө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болгондугу белгиленди.

Каттамдар заманбап жана ыңгайлуу аба кемелери менен жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты