“Кыргызстан-БАЭ” бизнес форуму уюштурулду

  • 1 год мурун

Бүгүн, 20-мартта, Бишкекте  “Кыргызстан-БАЭ” бизнес форуму уюштурулду.

Форумду Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасы жана Бириккен Араб Эмираттарынын соода өнөр жай палатасы КР Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен уюштурду.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев форум тууралуу мындай деди:   

-Биз “Кыргызстан-БАЭ” бизнес форумун уюштурдук. Көптөгөн делегаттар келип, Бириккен Араб Эмираттары тарабынан 20дан ашык компания катышты. Алар саламаттык сактоо, туризм, курулуш, товарлардын жана тамак-аштын экспорт-импорту, косметика, мейманкана бизнеси, акыркы инженердик жана технологиялык чечимдер, электр приборлору жана башка көптөгөн тармактарда кызматташууга даяр болгон компаниялар.

Акыркы эки жылдын ичинде бул эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда төртүнчү жолу өтүп жаткан форум жана бул өз ара кызыкчылык, келечектеги жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн кабар берет, -деди Сариев.

“Кыргызстан-БАЭ” бизнес форуму уюштурулду
Сүрөттөр: Соода-өнөр жай палатасы

Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылы 125 миллион долларды түзгөн, бул мурдагы  жылга салыштырмалуу 80% га көп.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты