Кыргызстан Азия оюндарында хоккей боюнча Гонконг командасын жеңди
- 1 месяц мурун
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы кышкы Азия оюндарында 10-февралда кезектеги жеңишке жетип, Гонконг командасын 6:5 эсебинде утуп алды.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эки команда тең чейрек финалга чыкты, ал эми 11-февралда Кыргызстан командасы кийинки атаандашы түштүккореялыктар менен күч сынашат.
9-февралда хоккей боюнча В жана С топторундагы тайпалык этаптын үчүнчү айлампасынын беттештери өттү. Кыргызстандын улуттук курамасы Сингапурдун командасы менен кезигип, 11:2 эсебинде жеңишке жетишти. Үч турдун жыйынтыгы боюнча кыргызстандык хоккейчилер 8 упай топтоп, В тобунда биринчи орунду ээлеп, турнирдин чейрек финалына жолдомо алган.
Кытайдын Харбин шаарында кышкы Азия оюндарынын мелдештери уланууда.
Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан