Кыргызстан-Армения: Парламент төрагалары жолугушту
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 4-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолугушту
Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.
Маалыматта жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болгону айтылды.
“Кыргызстан менен Армениянын парламенттери өлкөлөрүбүздүн мамлекеттик-саясий системасында жана коомдук турмушунда башкы ролду ойнойт. Андыктан, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө эки өлкөнүн алакасын арттырууда өзгөчө мааниге ээ. Биз мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашып, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да биргелешип иш жүргүзүүбүз кажет” деди Тургунбек уулу.
Өз кезегинде төрага Ален Симонян да Кыргызстан менен кызматташуу Армениянын тышкы саясатында өзгөчө мааниге ээ экенин билдирип, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү башкы максат экенин кошумчалады.
Ошондой эле Ален Симонян Армения менен Азербайжандын ортосундагы жетишилген макулдашуу тууралуу учкай маалымат берип, Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен да бөлүштү.
Сүрөт: kenesh.kg




