Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз өтүү учурунда Бангладеш жарандары кармалды  

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  контрчалгындоо иштерин уюштуруунун алкагында Кыргызстандын Өзбекстан менен мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталып, токтотулду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

3-июнда чек ара кызматкерлери менен бирге Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын «Кум» чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан Өзбекстан Республикасы тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан тышкары) Бангладештин 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошондой эле көрсөтүлгөн убакытта Өзбекстандан Кыргызстанга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган. Ал аталган чет элдик жарандарды Кыргызстандан Өзбекстан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты