Кыргызстан Афганистандын жабыркаган элине гуманитардык жардам жөнөттү

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстан Афганистандын табигый кырсыктан жабыркаган калкына гуманитардык жардам жиберди. 130 тонна азык-түлүк, 2 млн сомдук балдардын кийими жана күнүмдүк товарлар жүктөлгөн кербен 25-сентябрда Ош шаарынан чыгып, 28-сентябрда Мазари-Шариф шаарына жеткирилди.

Жардам Кунар провинциясынын Нургал районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга багытталды. Аземге Балх провинциясынын жетекчилери, анын ичинде губернатордун орун басары Абуу Идирис катышып, Кыргыз элине жана Президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан 2022-жылдан бери Афганистанга жалпысынан 360 тоннадан ашуун гуманитардык жардам көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты