«Кыргызнефтегаз» 2025-жылга чейин К-5 күйүүчү майын чыгара баштайт

  • 2 года мурун

Президент Жапаров «Кыргыз Петролеум Компанинин» мунай иштетүүчү заводун модернизациялоо аяктаса, 2025-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому эл аралык стандарттарга жооп берген К-5 күйүүчү майын чыгара баштаарына көңүл бурду. Натыйжада өлкөнүн тышкы отунга болгон көз карандылыгын азайтуу маселеси чечилет.

Бул тууралуу Садыр Жапаров 11-сентябрда «Кыргызнефтегаз» ААК 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Ошондой эле  мамлекет башчы «Кыргызнефтегаз» ишканасы Баткен облусунда мунай жана жаратылыш газын өндүрүүнү ийгиликтүү колго аларына ишенгендигин кошумчалады.  

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты