“Кыргызалтын”  ААКтын төрагасы болуп Элдияр Калдарбеков дайындалды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 2-сентябрда, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун (ААК)  курамы толугу менен алмашылды. Буга чейин Жарасул Абдураимов төрага болуп келген “Кыргызалтын” ААКтын башкармалыгынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.  Башкармалыктын мурдагы курамынын ыйгарым укуктарын токтотуу чечими Министрлер кабинетинин макулдашуусу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан кабыл алынды. Элдияр Калдарбеков төрага болуп дайындалды.

Бул тууралуу “Кыргызалтындын” расмий сайтында кабарланды.

“Кыргызалтындын” башкармалыгынын төрагасы болуп Элдияр Калдарбеков дайындалды.

Элдияр Калдарбеков 1989-жылы 23-июнда туулган. 2014-жылы Раззаков атындагы КТУну аяктаган. Акыркы убакта “Кыргызкөмүрдүн” директору болуп иштеген, ал эми 2022-жылдын 17-августунан баштап “Кыргызалтындын” аффинаж заводунун директорунун орун басары болуп дайындалган.

Төраганын орун басарлары болуп Кубанычбек Турдукожоев, Кубанычбек Рысбаев, Бекмурза Өмүралиев дайындалды.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты