Кыргыз жараны Германияда көлгө чөгүп каза тапты  

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, 23-июнда Хёкстер шаарына жакын жердеги көлдө сууга түшүп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын 2008-жылы туулган жараны А.А.К. каза болгон.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдири.

А.А.К. Германияга “Ferienjob” программасынын алкагында сезондук жумуш жасоого баргандыгы айтылат.

Элчилик Германиянын компетенттүү органдары, иш берүүчү жана каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, документтерди даярдоо жана сөөктү мекенине жеткирүү маселелери боюнча консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты