“Кыргыз Туусу” жана “Слово Кыргызстана” гезиттеринин башкы редакторлору кызматынан бошотулду
- 1 месяц мурун
“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев жана “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редактору Тамара Слащева кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
“Кыргыз туусунун” башкы редакторунун милдетин убактылуу орун басары аткарып турат.
Елена Жолобова “Слово Кыргызстана” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Жолобова 47 жашта. Буга чейин “Чуйские известия” гезитинин башкы редактору болуп иштеген.
Мырзакат Тыналиев «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп 2020-жылы дайындалган.
Жамаатка жаңы башкы редакторлорду маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.
Сүрөттө: «Кыргыз туусу» гезитинин мурдагы редактору Мырзакат Тыналиев (ортодо, туруп турган). Маданият министрлиги