Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында ок атышуу башталганы айтылууда

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталды.

Бул тууралуу “Азаттык» радиосу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаевдин маалыматына таянып жазды.

Төлөнбаев «атышуу башталды, эки тараптан тең атышып жатышат», — деген маалыматты айтуу менен чектелген.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий кабар бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышкан. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты