Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды

  • 5 дней мурун

Бүгүн, 13-мартта, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жанданды.

Ал аземге эки өлкөнүн президенттери видео байланыш режиминде катышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.  

«Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү пункттарына эки өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын жетекчилери жана орун басарлары катышты.

«Кайрагач» жана «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы соода, экономикалык кызматташтык жана достук байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттары 2021-жылы май айында, куралдуу кагылышуу учурунда жабылган.

Сүрөт: Кыргызстан менен Тажикстандагы өткөрмө бекет. 13-март, 2025-жыл. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты