Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу өтөт

  • 2 года мурун

10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин маалыматына таянып жазды.

Топографиялык жумушчу топту Кыргызстандан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-майынан баштап ушул күнгө чейин эки тарап 81 чакырымдан ашык чек ара тилкеси боюнча такташкан.

Бөрүбаевдин айтымында, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу эки айдан бери токтоп турган.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жолугуп, чек араны тактоо боюнча топографиялык жумушчу тобунун ишин жандандыруу чечими кабыл алынган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты