Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо: Ташиев зарыл болсо, Баткенге көчүп барып, ишти көзөмөлдөөрүн билдирди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 18-апрелде, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен кыргыз-тажик чек арасынын делимитациясына байланыштуу жолугушуу болду.  

Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин коомдук жардамчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасында билдирди.

Маалыматта айтылгандай,  Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик тараптар кайсы жер аянттарын кандай шартта алмашуу болгону тууралуу маалымдады. Жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Көчүрүлө турган Достук айылынын тургундарына мамлекет тарабынан жаңы заманбап үйлөр курулуп берилээри дагы бир ирет белгиленди.

Камчыбек Ташиев эми негизги басымды кыргыз-тажик чек арасынын демаркациялоого жасаарын билдирди. Демаркация иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын өлкө башчы Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге милдеттендиргенин айтып, бул тапшырманы аягына чыгаруу үчүн, эгер зарылчылык болсо, Баткенге көчүп келип, жумуш темпин жеке көзөмөлүнө алаарын эскертти.

Баткендин жаштарынын атынан Камчыбек Ташиевге “сувенирдик балта” белек кылышты жана мындан ары дагы коррупционерлер жана элдин тынчтыгына, ынтымагына, өлкөнүн өнүгүшүнө каршы болуп жаткандардын тамырын чабууну күчөтүүнү  улантуу зарылдыгын айтышты.

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо: Ташиев зарыл болсо, Баткенге көчүп барып, ишти көзөмөлдөөрүн билдирди

2025-жылы 13-мартта  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту.

Садыр Жапаров  “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо максатында жана 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.

31-мартта президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Худжанд шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюу аземине катышты.

Сүрөттөр: Өткүрбек Рахмановдун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты