Кыргыз-тажик чек арасы: Делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация теңтөрагалары жолугушту

  • 1 месяц мурун

29-мартта Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулады.

Маалыматта айтылгандай, эки мамлекеттин чек арасын аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти жана ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна бул багыттагы ишти улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты