Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде өкмөттүк делегациялардын топографиялык топторунун жолугушуусу өттү

  • 2 месяца мурун

25-февралдан 3-мартка чейин Баткен шаарында   кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты жана бул ишти Тажикстан аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты