Кыргыз-тажик чек арасы: Абал туруктуу

  • 2 года мурун

2022-жылдын 4-июнуна саат 09.20га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар жана чыр-чатактар катталган жок.

Чек ара кызматынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо боюнча тапшырмаларды аткарууну улантышууда.

3-июнда саат 12:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Окуя Булак-Башы айылында болду. Кыргыз-тажик чек арачылары бири-бирине карата ок чыгарышкан.

Андан Кыргызстан тараптан эки киши жаракат алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты