Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жаракат алгандардын биринин абалы оор

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жаракат алгандардын биринин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Тез жардам» бригадасы жабыркагандарды Баткен облустук бириккен ооруканасына алып барышууда.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, жарадарлардын биринин абалы оор, экинчисинин жарааты орточо. Диагноздор боюнча маалымат кийинчерээк берилет. Окуя болгон жерде эки тез жардам бригадасы иштеп жатат. Ооруканада бардык кызматкерлер күчөтүлгөн иштөө режимине которулду», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты