Кыргыз Республикасынын паспорту дүйнөлүк рейтингде 67-орунда турат
- 2 месяца мурун
Кыргыз Республикасынын паспорту “Паспорт индекси” паспортторунун интерактивдүү рейтингиндеги позициясын 2023-2024-жылдарга салыштырмалуу 14 пунктка жакшыртты. 2025-жылдын 6-мартына карата Кыргыз Республикасынын паспорту 67-орунда турат.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз жүрүү жөнүндө кол коюлган макулдашуулардын санын көбөйтүү боюнча министрликтин ырааттуу иши жалпы жарандык паспорттун статусун жогорулатууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде жалпы жарандык паспорттордун ээлерине визалык талаптарды андан ары жөнөкөйлөтүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет” деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Тышкы иштер министрлиги “Кыргыз Республикасы тарабынан 2024-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Албаниянын, Черногориянын, Таиланд Королдугунун, Венесуэла Боливар Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин, ошондой эле Кипр Республикасынын – дипломаттык паспортторунун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуулар ратификацияланганын” билдирди.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын паспорту. Интернет булактарынан