Кыргыз Республикасынын Эгемендигине 34 жыл толду. Куттуктоо
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров 30-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата уюштурулган гала-концертке жана Жалал-Абад шаарынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды.
Андан соң 600гө жакын артисттин катышуусунда «Келечектеги Кыргызстан» аттуу театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү.
Мамлекет башчы Көз карандысыздык күнүнүн алдындагы куттуктоо сөзү менен чыкты.
Президент өз сөзүндө Көз карандысыздык майрамы жыл сайын ар кайсы облустарда белгиленип келе жатканын белгиледи: мурда берекелүү Чүй өрөөнүндө, андан соң байыркы Ош шаарында өткөрүлүп, эми гүлдөп-өнүгүп жаткан Жалал-Абад шаарында өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, ал Түрк мамлекеттер уюму Жалал-Абад шаарын 2025-жылга карата «Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору» деп жарыялаганын баса белгиледи.
Президент ошондой эле өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жүздөн ашык социалдык жана өнөр жай объектилери пайдаланууга берилгенин белгиледи. Ал эми Көз карандысыздыктын 34 жылдыгына карата кечээ дагы 100 социалдык жана 60тан ашык өндүрүш объектилери ишке киргизилди.




