Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү быйыл Ош облусунда белгиленет

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын 31-август– Эгемендик күнүнүн 32 жылдыгын Ош облусунда белгилөө боюнча көчмө жыйын өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Көчмө жыйынга Эгемендик күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты. 

Эгемендик күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланууда жана жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө. “Алымбек-Датка” этнографиялык комплекси, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мында 57 метр узундуктагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун орнотуу планы боюнча курулуш иштери жүрүүдө. 

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланууда. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине карата анын эстелигин тургузуу пландалууда.

Мындан тышкары, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы, Ахматбек Сүйүмбаев атындагы Ош шаардык стадиону, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп- түзөөдөн өткөрүлүүдө. 

Сүрөт: МинКаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты