Кыргыз-Орус Славян университети президент Жапаровдун аталган окуу жайды аяктаганын тастыктады

  • 2 года мурун

Кыргыз-Орус Славян университети президент Садыр Жапаровдун аталган окуу жайдын юридикалык факультетинде билим алганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев журналисттерге билдиргендей, Садыр Нургожоевич Жапаров 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Анын айтымында, Жапаров дипломдук ишин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук макамы» темасында жазып, аны 2006-жылдын 19-майында «эң жакшы» деген баага жактаган.

«Окуу жайдын бардык бүтүрүүчүлөрү сыяктуу эле Садыр Жапаровго дагы Кыргызстандын жана Орусиянын диплому берилген», — деп билдирген Владимир Нифадьев.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын диплому боюнча маселени карап, аны мандатынан ажыраткан соң, социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун КОСУдан алган диплому боюнча күмөндүү пикирлер айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган окуу жайдын юридика факультетин 2006-жылы аяктаганын, бирок болочок президент менен университетте бир дагы жолу көрүшпөгөнүн соцтармактагы баракчаларына жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты