Кыргыз-казак чек арасынын «Чалдыбар-автожол» тилкесинин өткөрмө жайы убактылуу жабык болот

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 20-ноябрда, күндүзгү саат  9:00дөн 11:00гө чейин кыргыз-казак чек арасынын “Чалдыбар-автожол” тилкесинин өткөрмө пункту адамдар, унаа жана жүк өткөрүү үчүн  жабык болот.

Бул тышкы миграциянын бирдиктүү системасынын жаңыланышына байланыштуу экенин чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.  

Чек ара кызматы эске сала сала кеткендей, аталган тилкенин өткөрмө жайы эл аралык болуп эсептелет жана анда иш күнү-түнү жүрүп турат.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты