Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштады

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштаганын маалымдады.

Ага ылайык, “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Чоң-Капка”, “Кең-Булун” жана “Токмок” чек ара бекеттери 17-январь 17:00дөн баштап жарандарды жана автоунааларды эки тарапка тең чектөөсүз өткөрө баштады. Бирок “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын Казакстанга өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кыргызстанда жүргөн казак жарандары жана Казакстанда жүргөн казак жарандары аталган бекеттен өтө алат. “Каркыра” өткөрмө бекетинен Кыргызстанда жүргөн казак жарандары өтө алышат.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Жүк ташыган автоунаалардын тыгыны жок.

Коңшу өлкөдөгү соңку саясий окуялардан улам өткөн аптада айрым чек ара бекеттери убактылуу жабылып, кайра жарым жартылай ачылган, жүк алып өтүү сээлдеген жана кээ бир жерлерде казак тарапка жүк ташыган автоунаалардын тыгыны байкалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты