Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Нурланбек Шакиев жана башкалар «Жыргалаң» санаторийине барды

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн «Жыргалаң» санаторийине барды.

Санаторийдин аймагында мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, МинКаб мүчөлөрүнүн, парламенттик фракциялардын жетекчилеринин, президенттин администрациянын, профсоюздар федерациясынын катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

«Жыргалаң» санаторийи 1964-жылы курулган, сөөк-булчуң системасы, нерв жана гинекологиялык оорулар менен ооругандарды дарылоого адистешкен. Негизги дарылоочу фактор болуп суунун температурасы +40…+43 °C болгон минералдык суу эсептелет.

Көп жылдар бою санаторий профсоюздар федерациясынын балансында турган жана жараксыз абалга келген, ал эми 1995-жылы санаторийдин тазалоочу курулмалары эскирип, талаптарга жооп берген эмес. Ошондон бери ал жерде эч кандай реконструкция, модернизация жүргүзүлгөн эмес.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы санаторий президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилген жана бул жерде курулуш иштери башталган.

Бүгүнкү күндө 37 коттедждин (2 бөлмөлүү) жана 4 үч кабаттуу корпустун курулушу аяктады. Мындан тышкары, санаторийдин аймагында 6 жаңы бассейн (анын ичинен 2 балдар үчүн), ашкана жана административдик корпус курулган.

Садыр Жапаров профсоюздар федерациясы акыркы 30 жылда санаторий, курорттук жана туристтик объектилерди өнүктүрүүдө жана колдоодо маанилүү натыйжаларга жетише албаганын баса белгиледи.

Анын айтымында, бул объектилердин басымдуу бөлүгү кыйроо абалында турат, көбү сатылып кеткен, бул алардын инфраструктурасына жана тейлөө сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

Ошол эле учурда Профсоюздар федерациясына жыл сайын 600 млн сомго жакын бөлүнсө, акыркы 30 жылда жалпысынан 6,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2021-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жыл сайын 5 млн. сомдон балдар лагерлериндеги балдардын ден соолугун чыңдоого каражаттар бөлүнүп турган.

Садыр Жапаров жаңыланган «Жыргалаң» курортун капиталдык оңдоп-түзөөгө жана курууга 150 млн сомго жакын каражат сарпталганын, профсоюздар федерациясы иштеген жылдар бою алар тараптан бир дагы жаңы объект курулбаганын же болгон объектилер капиталдык оңдоодон өткөрүлбөгөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Нурланбек Шакиев жана башкалар "Жыргалаң" санаторийине барды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты