Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы”  этноайылында «Бишкек Ордо» ачылды

2-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр ааламы» этноайылынын ачылышында “Бишкек Ордо” да орун алды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор шаардын боз үй комплексин – «Бишкек Ордону» ачты.

«Бишкек Ордо» аймагына 15 боз үй тигилип, алардын ар бири конокторду улуттук маданияттын, каада-салттын, күнүмдүк турмуштун жана тарыхый мурастын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат. Ордонун борбордук бөлүгүн улуу «Манас» эпосуна арналган жана кыргыз элинин тарыхый-руханий мурасын чагылдырган башкы боз үй – «Хан Ордо» ээлейт.

Бул жерде коноктор кыргыз элинин улуттук каада-салттары менен таанышып, кыргыз ашканасынын даамдарынан ооз тийип, элдин тарыхы жана маданияты тууралуу маалымат алышат.

Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы”  этноайылында "Бишкек Ордо" ачылды
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы”  этноайылында "Бишкек Ордо" ачылды
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы”  этноайылында "Бишкек Ордо" ачылды
Кырчындагы “Көчмөндөр ааламы”  этноайылында "Бишкек Ордо" ачылды

Кечээ, 2-сентябрда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас» аттуу этно-шаарча ачылган.

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты