Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас» аттуу этно-шаарчанын ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Этно-шаарчанын ачылыш аземинде Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүктөрүн белгиледи. 

“Бүгүн Кырчындын төрүндө көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, наркын жана өнөрүн бириктирген «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасы салынып, жолу жаңыланды. Бул иштер бир күндүк иш-чара үчүн эмес – жаңы жолдор туризмге, шаарча бабалар мурасын таанытууга кызмат кылат” деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы этно-шаарчада уникалдуу маданий мейкиндик түзүлгөнүн белгиледи.

-Кырчындын укмуштуудай кенен мейкиндигине көз чаптырганда, биз ата-бабаларыбыздын дүйнөсүнө саякаттагандай болобуз. Бул жерде кыргыз боз үйлөрү катар-катар тигилген. Улуттук кийимдер, элдик кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, каада-салттар, ыр-күүлөр — кылымдар бою бизге мурас болуп жеткен бул дүйнө бүгүн бул жерде бирдиктүү бүтүндүк катары чагылдырылууда. «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» деген аталыштын өзүндө терең маани жатат. Биз бабалар мурасын музейдин айнегинин артында гана сактабай, элдин жашоосуна алып чыгып жатабыз. Боз үйдү бүгүн да тигебиз – бул жандуу мурас. Комузду бүгүн да чертебиз – бул жандуу мурас. Кийиз басып, шырдак шырып, темир согуп, ат жабдыгын жасап келебиз – бул жандуу мурас. Ата өнөрү балага, эне өнөрү кызга өтүп жатат” деди ал.

Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты
Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты
Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты
Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты
Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты
Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты
Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты
Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын ачылышына катышты

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты