Кылмышка шектелгендерди камакта кармоо тартиби жөнүндө мыйзамга кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамды жаңы редакцияда кабыл алуунун максаты шектүү же айыпталуучу каза болгондо же катуу ооруганда милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү маселеси боюнча ченемдерди конкреттештирүү, кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, кылмыш-жаза кодексине жана Балдар жөнүндө кодексине ылай келтирүү, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү башка түзөтүүлөрдү киргизүү болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

-шектүү же айыпталуучу катуу ооруп калганда же каза болгондо кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү (прокурор жана тергөө органдары);

-тергөө органына алып келген учурда тергөөчү тарабынан шектүүнү кармоо жөнүндө токтом түзүү;

-бошогондо шектүүгө же айыпталуучуга ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берүү;

-финансылык полиция органы жоюлгандыгына байланыштуу аны чыгаруу;

-“жашы жетпегендер” деген сөздү “балдар” деген сөз менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштыруу;

“соттолуучулар” кылмыш-жаза-укуктук мамилелердин субъектинин статусун жоготкондугуна байланыштуу алар жөнүндө ченемдик эскертүүнү алып салуу. 

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты