Кылмыш-жаза кодексине, кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

  • 2 месяца мурун

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.  

Мыйзам 23-январда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам балдардын жана ошондой эле майыптардын өмүрүнө жана жыныстык кол тийбестик укуктарын кол салуулардан сактоо максатында кабыл алынган.

Мыйзам менен кылмыш-жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилет

Алсак, эгерде кылмыш кызматтык абалынан пайдалануу менен, баланын же майыптын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле жыныстык кол тийбестигине каршы атайылап кылмыш жасаган учурда кызматынан же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат;  

Жогорудагыдай жазага кириптер болгондор жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт; 

Эгерде жасалган кылмыш баланын же майыптын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш болсо, адам катуу дартка чалдыккандыгы же жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиги эске алынбайт.  

Ал эми башка учурларда адам катуу дартка чалдыкканда же жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде, сот жаза белгилебестен айып өкүмүн чыгарат.  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты