Куткаруучулар эт туурагычка колу кыпчылып калган кишини куткарды
- 9 месяцев мурун
Бүгүн, 2-сентябрда, Ош облустук ооруканасында 2006-жылы туулган Д.М. аттуу жаран эт туурагычка колун кыпчып алгандыгы тууралуу билдирүү ӨКМдин “112” кызматына түшкөн.
Кырсык болгон жерге Ош шаардык куткаруу кызматынан төрт куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү




