Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алгандар кармалды

  • 1 год мурун

Курулуш компаниясынын кыймылсыз мүлкүн коркутуу жана алдамчылык жолу менен басып алууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү — Б.К.Н., Ы.Р.А. жана Ж.А.М. — УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөө маалыматы боюнча, шектүүлөр мурда соттолгон жана кылмыштуу топ түзүп, мыйзамсыз жол менен байуу максатында кыймылсыз мүлк объекттерин өздөрүнө жакын адамдарга каттоого мажбурлашкан. Мүлктүн ордуна курулуш материалдарын берүүнү убадалашканы айтылууда.

Шектүүлөр учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, кылмыштуу топту каржылаган башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты