Курултайда мигранттар өкүлү Орусиядагы элчини сындады

  • 1 год мурун

Бишкекте өтүп жаткан Биринчи элдик курултайда Москва шаарынан мигранттардын өкүлү Толкунбай Акматов Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын ишин сындады.

-Москвадагы мигранттардын эң көйгөйлүү маселеси бул каттоого туруу. Бул маселени чечет деген мигранттардын үмүтү чоң. Ушул маселени чечүүнү мигранттар аябай суранды.  «Мигрант» деген тиркеме чыгарса деп жатабыз. Аны «Түндүк» деген системага кошуп койсо, онлайн эле бардык документти бүтүрсө жакшы болмок. Дагы бир чоң көйгөй — маңзат менен кармалып, көптөгөн бала отурат. Алар эң аз дегенде 12 жылдан 25 жылга чейин кесилип кетип жатат. Ушуга байланыштуу роликтерди чыгарып, аны телевидение аркылуу таратып, «жолобогула» деп эскертүү керек болуп жатат. Бул жактан иш орундарын түзүп, сырттагы мигранттардын санын азайтсак. Москвада «Сахарово» деген борбордо мигранттар ар жылы медициналык кароодон өтүшү керек. Ошол кароону Кыргызстанда эле жүргүзгүдөй болсок жакшы болмок. Урматтуу президент, ошол жерде элчи эжебиз бар (Гүлнара-Клара Самат — ред), биз аны эл менен эмес деп көп айтып келдик. Анын маселеси Жогорку Кеңеште каралат деп жатты эле, бирок Баткен көйгөйү чыгып каралбай калды. Өзүнүн элин башка мамлекеттин коопсуздук кызматкерлерине салып берип жаткан элчинин бул кызматта иштегенге акысы жок,-деди Акматов.

Сентябрь айынын башында Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы менен «Элдик» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында мигранттар маселесинен улам Гүлнара-Клара Самат менен жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматтан бошотуу сунушу президентке жолдонгон.

Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкекте Биринчи элдик курултай өтүп жатат.

Сүрөт: Курултайда. Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты