Куршабда мечиттеги өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар болгон жок  

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында кечээ кечинде мечиттен чыккан ири өрт 3-декабрга караган түнү саат 12:35те өчүрүлдү. Жабыркагандар жок экендиги маалымдалды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

«Тилсиз жоонун» аянты 800 миң чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Кырсыктын себеби такталып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты