Курама команданын Ислам шериктештиги оюндарына кие турган параддык жана спорттук кийими даяр болду

Кыргыз Республикасынын курама командасынын Ислам шериктештиги оюндарына кие турган параддык жана спорттук кийими даяр болду.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

9-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтөт. Аталган мелдешке Кыргызстандан 158 киши катышат.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук кийимдери даяр болду.

Параддык форманы курама команда 9-август күнү Ислам шериктештиги оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Аны атамекендик “BAIRA” мода үйү даярдады. Ал эми, спорттук экипировка “JOMA” компаниясына таандык.

Март айында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаменти, улуттук Олимпиада комитети менен бирге “Кыргызстан курама командасынын спорттук экипировкасын танда” аттуу сынак жарыялаган.

Анда дизайнерлердин эмгектери кабыл алынып, сынактын 2-турунда коомчулуктун тандоосуна коюлган. Жыйынтыгында параддык жана спорттук экипировка тандалып алынды.

Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан, спорттун жалпы 16 түрүнөн катышат.

Курама команданын Ислам шериктештиги оюндарына кие турган параддык жана спорттук кийими даяр болду
Курама команданын Ислам шериктештиги оюндарына кие турган параддык жана спорттук кийими даяр болду
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты